Бишкек, 30.11.25 /Кабар/. Шайлоого эң төмөн катышуу Бишкек шаары менен Чүй облусунда катталууда. Бул тууралуу БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров брифинг учурунда билдирди.
Анда ал шайлоонун учурдагы көрсөткүчтөрү менен бөлүштү.
“Саат 18:00гө карата шайлоочулардын саны – 1 млн 330 миң 602 адамды же 31%ды түздү. Учурда добуш берүү боюнча лидерлер - 4, 10, 13, 30чу округдар болуп, катышуу 40%ды түзүүдө. Ал эми эң төмөн катышуу Бишкек шаары менен Чүй облусунда катталып, 25-26%дын тегерегинде болууда”,-деди Шайназаров.
Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 30 көп мандаттуу округ түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат парламентке шайланып келет. Жалпысынан Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат.