БШК депутаттыкка талапкерлерди каттоону аяктады

Шайлоо Загрузка... 08 Ноябрь 2025 11:30
thumbs_b_c_86417e8ebf6f0cbf9e628b4263a8bf93.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 08.11.25 /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттыкка талапкерлерди каттоону аяктаганын жарыялады. Анда белгиленгендей, жалпысынан 467 талапкер катталды.

Белгилей кетсек, 30-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Ар бир округдан үч мандат үчүн талапкерлер ат салышат. Парламентке 30 округдан 90 депутат шайланып келет.