Бишкек, 20.11.25 /Кабар/. Күн мурун 30-ноябрга дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 81 эл аралык байкоочу аккредитацияланды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Ошентип, БШКнын токтому менен эл аралык байкоочулар катары төмөнкү уюмдардын өкүлдөрү катталды:
- Монголиянын Башкы шайлоо комиссиясынын;
- Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын;
- Венесуэла Боливариандык республикасынын Улуттук шайлоо органынын;
- Индонезиянын Шайлоо комиссиясынын;
- Россиянын Коомдук палатасынын;
- Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Байкоочулар миссиясынын;
- Түрк мамлекеттеринин уюмунун;
- Шанхай кызматташтык уюмунун өкүлдөрү.
Бүгүнкү күнгө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого жалпысынан 378 эл аралык байкоочулар аккредитацияланды.