БШК дагы 18 эл аралык байкоочуну каттады

Шайлоо Загрузка... 25 Ноябрь 2025 18:28
3_0dkXEpy_N3WYpc7.2.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 25.11.25. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн 30-ноябрга дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 18 эл аралык байкоочуну аккредитациялады.

Ошентип, БШКнын токтому менен төмөнкү эл аралык байкоочу катары төмөнкү уюмдардын өкүлдөрү катталды:

  • Индиянын Шайлоолор боюнча комиссиясынын;
  • Азербайжандын Кыргызстандагы элчилигинин;
  • Индонезиянын Ташкент шаарындагы элчилигинин;
  • Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин;
  • Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин;
  • Венгриянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү.

Ошону менен бүгүнкү күнгө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого жалпысынан 788 эл аралык байкоочу аккредитацияланды.