Бишкек, 19.10.25. /Кабар/. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чет өлкөлөрдө добуш берүүнү уюштуруу үчүн түзүлгөн 71 шайлоо тилкесинин тизмесин бекитти.
БШКнын маалыматы боюнча, шайлоо тилкелеринде Кыргызстандын аймагынан тышкары жашаган жана жүргөн жарандар добуш бере алат.
Шайлоо тилкелери төмөнкү өлкөлөрдө жана шаарларда ачылат:
Россия – 22 шайлоо тилкеси: Москва, Екатеринбург, Новосибирск, Санкт-Петербург, Казань, Иркутск, Владивосток, Красноярск, Воронеж, Нижний Новгород, Калуга, Сургут, Южно-Сахалинск, Хабаровск, Краснодар, Якутск;
Түркия – 8 тилке: Анкара, Кайсери, Эскишехир, Анталья, Аланья, Стамбул, Бурса, Измир;
Казакстан – 2: Алматы жана Астана;
Америка Кошмо Штаттары – 6: Вашингтон, Нью-Йорк, Филадельфия, Чикаго, Сан-Франциско;
Түштүк Корея – 3: Сеул, Инчхон, Сувон;
Италия – 2: Рим жана Кальяри;
Германия – 2: Берлин жана Франкфурт;
Кытай – 2: Пекин жана Гуанчжоу;
Бириккен Араб Эмираттары – 2: Абу-Даби жана Дубай.
Мындан тышкары, төмөнкү мамлекеттерде бирден шайлоо тилкеси ачылат: Сауд Аравия, Австрия, Чехия, Словакия, Өзбекстан, Улуу Британия, Беларусь, Венгрия, Бельгия, Франция, Кувейт, Япония, Катар, Азербайжан, Тажикстан, Түркмөнстан, Швейцария, Малайзия, Пакистан, Индия, Иран, Монголия.
Тизме даректери менен бул жерде.