БШК бардык талапкерлерге шайлоо мыйзамдарын так сактоону эскертти

Шайлоо Загрузка... 12 Ноябрь 2025 09:31
3.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 12.11.25. /Кабар/. БШК бардык талапкерлерге шайлоо мыйзамдарын так сактоону эскертти. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров шайлоо өнөктүгүнүн катышуучуларына кайрылуусунда билдирди.

Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзам бузууларга жол берген айрым талапкерлерге карата тиешелүү чараларды көрө баштады.

"Шайлоочулардын добушун сатып алуу, мыйзамсыз үгүт ыкмаларын колдонуу жана шайлоонун башка катышуучуларынын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген аракеттерге жол берилбейт.

Бардык талапкерлерге жана алардын тарапташтарына эскертем - үгүт иштери мыйзамдын так алкагында, шайлоочуларга жана атаандаштарга болгон сый-урмат менен жүргүзүлүшү зарыл. Эгерде мыйзам бузуулар аныкталса, талапкердин каттоосун жокко чыгарууга чейинки катуу чаралар көрүлөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы өз ыйгарым укуктарынын чегинде белгиленген эрежелерди бузгандарга карата - талапкерби, анын штабы болобу, же жалган жалаа тараткан адамдарбы - тиешелүү чараларды көрөт",- деди ал.