Бишкек, 26.01.26. /Кабар/. №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөткөн 4 талапкер катталды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти
Маалыматта белгиленгендей, алардын шайлоо документтери Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келери аныкталган.
Катталган талапкерлерге эми белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилет.
- Арстанбеков Акылбек Советбекович;
- Асанов Уланбек Жалалович;
- Калматов Токторали Калдарович;
- Чолпонов Уланычбек Калдарбекович.