Бишкек, 03.12.25. /Кабар/. БШК 13-шайлоо округунун жыйынтыгын жокко чыгарды. Мындай чечим бүгүн, 3-декабрда Боршайкомдун жыйынында кабыл алынды.
Ага ылайык, ошол округдан шайлоого катышкан талапкерлер толугу менен кайра шайлоого катыша албайт. Кайра шайлоонун так күнүн БШК дайындайт.
Мындай чечимдин кабыл алынышына талапкерлердин өкүлдөрү шайлоочуларды көзөмөлдөп видеого тартканы себеп болгону айтылды.
БШК мүчөсү Махабат Кожокеева добуш берүүнүн жүрүшү шайлоочунун идентификациядан өтүүсүнөн тартып, бюллетень таштаганга чейинкиси толук видеого жазылып турганын көрсөтүп берди.
Белгиленгендей, мыйзам бузууга тиешеси бар 14 талапкер кайра шайлоого катышуу укугунан ажыратылат.
БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров белгилегендей, Боршайкомдун чечимине нааразы болгондор сотко кайрыла алат. Ал эми аныкталган фактыларга карата укук коргоо органдары да өз ыйгарым укуктарынын негизинде жумуштарын алып барат.
№13 округ Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна карайт жана Базар-Коргондун бир бөлүгүн, Кеңеш, Арстанбап-Ата, Сайдыкум айыл аймактарын, Д. Садырбаев, Э. Алиев, Момбеков айыл аймактарын, Кочкор-Ата жана Майлуу-Суу шаарларын камтыйт.
Бул округ боюнча талапкерлердин жыйынтыгы:
- Нышанов Сайдулла Канболотович – 3351 (4,86%)
- Мамытов Талант Турдумаматович - 12 096 (17,55%)
- Кенжебаев Нурланбек Исраилжанович – 660 (0,96%)
- Курбаналиев Жаныбек Масабирович – 430 (0,62%)
- Жээнбекова Гүлназ Камытовна – 991 (1,44%)
- Маматалиева Мунара Даниярбековна – 247 (0,36%)
- Жураева Чынара Муратовна – 2306 (3,35%)
- Абдалиев Мейкинбек Акимович - 697 (1,01%)
- Карабекова Айгүл Асановна - 8839 (12,82 %)
- Саипов Айбек Сатыбекович – 812 (1,18%)
- Нурбаева Гүлназ Абдулатиповна - 3550 (5,15%)
- Султанова Олмаскан Абдыкапаровна - 3597 (5,22%)
- Алтынбеков Айбек - 13 477 (19,55%)
- Сыдыков Бактыбек Усенович – 17 397 (25,24%)
- Баарына каршы – 487 (0,71%).