Брюсселде COEST жумушчу тобу менен Кыргызстандын ЕБдеги миссиясынын жолугушуусу өттү

Коом Загрузка... 26 Май 2025 12:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 26.05.25. /Кабар/. 23-майда Брюсселде Кыргызстандын Европа Биримдигиндеги (ЕБ) элчилигинде ЕБге мүчө мамлекеттердин Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча Кеңештин COEST жумушчу тобу менен жолугушуу болуп өттү.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө КРнын ЕБдеги миссиясынын башчысы Айдит Эркин Европа Биримдиги менен Борбор Азия ортосундагы мамилелердин тарыхый маанисин баса белгилеп, 2024-жылдын апрелинде өткөн Самарканд саммити — Борбор Азиянын беш мамлекетинин лидерлери менен Европа кеңешинин жана Европа комиссиясынын президенттеринин алгачкы жолугушуусу — өзгөчө мааниге ээ экендигин белгиледи.

Өз кезегинде Кыргызстан тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү багытындагы дүйнөлүк лидерлигине өзгөчө көңүл бурду. Кыргыз тарап БУУ тарабынан жарыяланган тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер мезгилинин (2023–2027-жж.) алкагындагы иштер тууралуу маалымат берип, 2027-жылы Бишкек шаарында өтө турган экинчи глобалдык Тоо саммитине даярдыкты тааныштырды. Ошону менен бирге, Кыргызстан тарабынан эл аралык аянтчаларда илгерилетилип жаткан башка маанилүү демилгелер да сунушталды.

Кыргыз тарап ЕБ менен кызматташууну жандандырууга, туруктуу энергетика, жашыл трансформация, санариптештирүү жаатындагы демилгелерди ишке ашырууга жана транспорттук байланыштарды кеңейтүүгө, анын ичинде “Глобалдык дарбазалар” (Global Gateway) демилгесинин алкагында да, кызыкдар экенин билдирди.

Белгилей кетсек, жолугушуу аталган делегациянын Кыргызстанга боло турган расмий сапарына даярдыктын алкагында өткөрүлдү.