БРИКС форуму инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк түзөт

Экономика Загрузка... 08 Ноябрь 2025 10:25
WhatsApp Image 2025-11-08 at 06.07.42.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 08.11.25. /Кабар/. БРИКС - 2025 эл аралык муниципалдык форуму Санкт-Петербургда өтөт.

Уюштуруучулар маалымдашкандай, бул иш-чара шаардык жана аймактык өнүгүүдө тажрыйба, технологиялар жана чечимдер менен алмашуу үчүн негизги аянтча болуп саналат. Форум Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ.

Анткени форумдун жүрүшүндө делегациялар шаарларды санариптештирүү боюнча россиялык жана кытайлык мисалдарды кылдат изилдөөгө, калдыктарды, сууну жана энергияны башкаруу тажрыйбаларын үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Форум ар кандай долбоорлорго жеке инвестицияларды тартууга да чоң өбөлгө түзөт. Мында ишканалар менен мамлекеттик органдардын ортосундагы тыгыз кызматташуунун ийгиликтүү мисалдары менен таанышууга болот. Бул турак жай жана коммуналдык кызматтарда, экология, транспортто жана башка тармактарда жаңы технологияларды киргизүү боюнча биргелешкен долбоорлор көрсөтүлмөкчү.