Бишкек, 10.09.26. /Кабар/. Мунайдын баасы жогорулоону улантып, июль айынан берки эң жогорку көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу Интерфакс жазды.
Маалыматка ылайык, Лондондун ICE Futures биржасында Brent мунайынын баасы 3,36 долларга (3,43%) көтөрүлүп, баррелине 101,28 долларды түздү.
Нью-Йорк товардык биржасында (NYMEX) WTI мунайы баррелине 3,36 долларга (3,61%) көтөрүлүп, 96,39 долларды түздү.