Ысык-Көл, 04.09.26 /Кабар/. Боз үйдү жөн гана турак жай катары эмес, кыргыз элинин руханий дүйнөсүн, үй-бүлөлүк баалуулуктарын жана өз ара мамилелеринин философиясын камтыган маданий мурас катары кароо зарыл. Бул тууралуу Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору Советбек Абдрасулов Кырчын жайлоосунда “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, азыркы учурда коом санариптешип, тез өнүгүп жаткан шартта адамдардын өзүнүн тарыхый тамырына жана улуттук өзөгүнө кайрылуусу өзгөчө мааниге ээ.
“Цивилизациялык өсүп-өнүгүү, санариптешүү адамдын ички дүйнөсүн толук сактап кала албайт. Ошондуктан адам өзүнүн ички дүйнөсүн сактоо үчүн тамырына, өзөгүнө кайрылышы керек. Биз ошол тамырдан дем алып, ага таянуу менен өнүгүшүбүз зарыл”, — деди ал.
Профессор белгилегендей, боз үйдүн ички түзүлүшүндө үй-бүлөлүк мамилелерди жана улуттук дүйнө таанымды чагылдырган өзгөчө философиялык маани бар.
“Боз үй — жөн гана турак жай эмес. Анын ичинде адамдардын өз ара карым-катнашы жана үй-бүлөлүк мамилелердин философиясы камтылган. Боз үйдүн ички түзүлүшүндө өзүнчө бир гармония бар. Ата менен баланын, эркек менен аялдын ортосундагы мамилелер да өз орду менен белгиленген”, — деп түшүндүрдү Советбек Абдрасулов.
Ал ошондой эле Кырчын жайлоосунда кыргыздын көчмөн маданиятын кеңири көрсөтүү чет өлкөлүк меймандар үчүн да чоң кызыгуу жаратып жатканын белгиледи.
“Чет өлкөлөрдөн келген меймандар жана жергиликтүү эл маданиятыбызды, үрп-адаттарыбызды, салттуу турак жайларыбызды жакындан көрүп, таанышууда. Жамгыр жааганы да өзүнчө мүмкүнчүлүк болду. Анткени коноктор мындай шартта боз үйдүн ичиндеги жайлуулукту жана өзгөчө атмосфераны өз көзү менен көрүп, туюуга мүмкүнчүлүк алышты”, — деди ал.
Профессор Кырчын жайлоосун бир жолку майрамдык иш-чара өтүүчү жай катары гана калтырбастан, туруктуу иштеген этномаданий комплекс катары өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.
Кырчын жайлоосун туруктуу иштеген этномаданий комплекс катары өнүктүрүп, келген конокторго кыргыз маданиятын тааныштырып турган атайын адистердин жана гиддердин ишин уюштуруу зарыл. Мындай иштер маданиятыбызды дүйнөгө кеңири таанытууга өбөлгө түзөт”, — деп кошумчалады ал.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн “Көчмөндөр цивилизациясы: мурастары, парадигмасы жана келечеги” эл аралык илимий конференциясына катышкан 28 өлкөнүн окумуштуулары жана адистери Кырчын жайлоосуна келишкен.