“Boxam” эл аралык мелдеши. Кыргызстандык эки мушкер финалга чыкты

Спорт 1467 07 Февраль 2025 13:40
476392489_18345325987196946_7870225021292040667_n.jpg
476591092_18345325996196946_5111860369723582609_n.jpg
Алдыга
Артка
476392489_18345325987196946_7870225021292040667_n.jpg
476591092_18345325996196946_5111860369723582609_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматы

Бишкек, 07.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Ислам Төрөбаев жана Ихтияр Нишанов “Boxam” эл аралык мелдешинин финалына чыкты.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, бокс боюнча мелдеш Испаниянын Аликанте провинциясынын Ла Нусия шаарында өтүп жатат.

Ислам Төрөбаев 57 кг чейинки салмакта катышууда. Мушкер ½ финалдык беттеште казакстандык Жассулан Тилуембек жеңди. Финалдык беттеште Казакстандын мушкери Еркхан Турдун менен беттешет.

Ал эми Ихтияр Нишанов 67 кг чейинки салмак категориясында катышууда. Жарым финалдык беттеште казакстандык Дулат Бекбауовду утту. Финалдык беттеште словакиялык Адольф Станек менен кез келет.

Эске салсак, улуттук курам башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана улук машыктыруучу Акыйкат Абаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышууда.