Грек-рим күрөшү: Асан Жанышов Польшадагы мелдеште алтын медаль утту

Спорт 27 август 2026 09:00
Грек-рим күрөшү: Асан Жанышов Польшадагы мелдеште алтын медаль утту

Бишкек, 27.08.26. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Асан Жанышов Польшада өтүп жаткан “Ziolkowski, Pytlasinski & Poland Open 2026” эл аралык мелдешинде алтын медаль жеңди.

87 кг салмак категориясында күч сынашкан балбан финалда Армениядан келген Геворгу Тадевосянды 6:0 эсебинде артта калтырып, турнирдин жеңүүчүсү аталды.

Белгилей кетсек, Польшанын борбору Варшава шаарында өтүп жаткан мелдеш 30-августка чейин уланат. Анда Кыргызстандын атынан грек-рим күрөшү боюнча тогуз балбан катышууда.