Бишкек, 12.06.25. /Кабар/. Жайкы эс алуу сезонуна карата Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы "Алтын кум" жана борбордук муниципалдык эс алуу пляжы толугу менен жаңыланып, талаптарга ылайык кайрадан курулду. “Кабар” агенттиги Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жапарбек Ормоновдон жалпы узундугу дээрлик 1,5 чакырымга жеткен пляжда кандай олуттуу өзгөрүүлөр болгонун сурады.

Жапарбек Ормоновдун айтымында, Ысык-Көл районундагы "Алтын кум" жана борбордук муниципалдык эс алуу пляжы ири пляждардын бири болуп саналат. Буга чейин муниципалдык пляждар өнүкпөй артта калып, жеке менчик пансионаттардын пляждарынын абалы көңүл жубатарлык болуп, эс алуучулар ошол жактарга агылган. Мурда “Алтын кум” жана борбордук пляжга кээ бир күндөрү 7-8 миңдей адам кирчү. Быйылкы туризм сезонуна карата эс алуучуларга шарт түзүү максатында бир катар иштер пландалган.

“Облустук фонддон 35 млн сом акча каражаты бөлүнүп берилди. Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан “Алтын кум” жана борбордук пляждардын абалын жакшыртууга 100 млн сом акча каражаты каралды”, - деди ал.
Аким белгилегендей, өткөн жылы Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги менен биргеликте көл жээгине жакын жайгашкан 200дөн ашык соода түйүнү алынды. Аянты боюнча эң чоң эки пляжда жөө басуу үчүн 1,5 чакырымга созулган тротуар жана веложол салынды. Тейлөөчү кызматтар үчүн (тез жардам ж.б.) өзүнчө жол пайда болду.
“Алтын кум пляжында ар түрдүү чатырчалар коюлуп келген. Азыр окшош чатырчалар орнотулду. Соода түйүндөрүн алып салгандан кийин бактардын алдына кумдар төгүлүп, пляж эки эсе кеңейди.
Пляжды жарыктандыруу иштери да колго алынып, түнкү чырактар орнотулду. Бул өз кезегинде эс алуучулардын кечкисин да сейилдөөсүнө өбөлгө түзөт. Отургучтар коюлду. Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүрдү.
1,5 чакырымдык жерди учурда адамды жүзүнөн тааный турган видеокамералар менен жабдуу иштери уланууда. Мындан тышкары, милиция жана куткаруучулар бөлүмчөлөрү, медициналык пункт жайгашты.
Ошондой эле аттракциондорду сырдап, оңдоп-түзөө иштери да жүргөн эмес экен. Учурда атайын кызматтар алардын техникалык жагын текшерип жатат.
Пляжда балдар үчүн оюн аянтчалары, чоңдорго воркаут жана футбол, волейбол аянтчалары да пайда болду. Экологиялык талаптарды сактоо менен 200-300 метр сайын дааратканалар да курулду, мында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн да шарттар түзүлдү. Таштанды челектери коюлду”, - дейт Жапарбек Ормонов.

Район жетекчиси билдиргендей, Жогорку Кеңеш тарабынан жаңы мыйзам кабыл алынган. Анда сууну көбүрөөк булгаган эки такттуу скутерлерге тыюу салынып, чектөө киргизилди. Эми төрт такттуу скутерлердин гана иштөөсүнө уруксат берилди.
Ошондой эле ал кемелер көлгө чыкканда саркынды сууларын сууга төгүп жиберет экен деген сөздөр да айтылып келгенин, мындай учурларга жол бербөө максатында кемелерге атайын мөөрлөр басылганын кошумчалады.
“Акимиат, экологиялык инспекция, милиция менен биргеликте кемелерге мөөрлөр басылды. Алар саркынды сууларды атайын жайга барып төгүшөт. Бул иштерди видеобайкоо системасы менен да көзөмөлдөп турабыз. Мен телефонум аркылуу да карап турам. Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 140 млн сом акча каражаты бөлүнүп, көлдө суу полициясы түзүлүп, алар керектүү атайын техникалар менен камсыздалды”, - деди ал.

Ошондой эле Жапарбек Ормонов Ысык-Көл облусунда желим баштыктарды колдонууга жана сатууга тыюу салынганын, тиешелүү кызматтар мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн иш-аракеттерди жүргүзүп жатканын айтты.
“Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жарандарга кайрылып кетет элек. Туризмди өнүктүрүү багытында алгылыктуу иштер жасалууда. Оңдолуп-түзөлгөндөрдү бүлүндүрбөй, аяр мамиле кылсак. Бул шарттардын бардыгы эс алуучуларга үчүн түзүлүп жатат”, - дейт аким.