Бостеридеги аттракциондун иштөөсүнө убактылуу тыюу салынды

Коом 30 июль 2025 11:43
bosteri.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
525633090_743869211599544_1568136668841858657_n.jpg
526042455_743869298266202_2302882292027880979_n.jpg
526043252_743869238266208_3541147438602381391_n.jpg
526205879_743869178266214_9037103609843428776_n.jpg
Алдыга
Артка
bosteri.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
525633090_743869211599544_1568136668841858657_n.jpg
526042455_743869298266202_2302882292027880979_n.jpg
526043252_743869238266208_3541147438602381391_n.jpg
526205879_743869178266214_9037103609843428776_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 30.07.25 /Кабар/. Бостеридеги айланма дөңгөлөк (колесо обозрения) аттракционундагы кооптуу абал боюнча комиссия иш алып барды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын инспекторлору 28-июлда интернет булактарына жарыяланган Бостеридеги айланма дөңгөлөк аттракционунда кооптуу абал жаралгандыгы тууралуу маалымат боюнча тиешелүү чараларды көрүштү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышкан атайын комиссия түзүлүп, аттракцион жайгашкан жерге барып текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акт түзүлүп, аттракцион ээсине төмөнкү талаптар коюлду:

  • аттракциондо кооптуу абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн тийиштүү адистештирилген мекемеден техникалык корутунду алуу;
  • кооптуу абалдын кайталанбашы үчүн аттракционду атайын адистери бар уюмдар тарабынан толук техникалык кароодон өткөрүп, тиешелүү корутунду алуу;
  • жогорудагы талаптар толук аткарылганга чейин аттракционду иштетүүгө тыюу салынды.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы коомчулукту коопсуздук эрежелерин сактоого жана мындай учурларда ыйгарым укуктуу органдарга дароо кабарлоого чакырат.