Бостериде көл жээгине жакын жайгашкан мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Аймак 1578 27 Февраль 2025 16:04
481019599_1142494270682954_7930321732661297929_n.jpg
480724049_1142494254016289_6904206184647174354_n.jpg
480966139_1142494157349632_7750261066357478821_n.jpg
481048404_1142494214016293_1901870520512162180_n.jpg
481480955_1142494194016295_3830414988932080679_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 27.02.25. /Кабар/. Бостеридеги “Борбор” пляжына жакын жайгашкан эс алуу жайларындагы мыйзамсыз курулуштар бузулуп, түрттүрүлүп жатат.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, мындагы айрым курулуштар көл жээгине жакын орун алып, 100 метр аралык сакталган эмес.

"Буздуруу иштери "Борбор" пляжын реконструкциялоо долбоорунун алкагында ишке ашууда. Айта кетсек, мыйзамсыз курулуш ээлерине бир канча ирет эскертүү берилген, бирок натыйжа болгон эмес. Ошондуктан бүгүн Чолпон-Ата шаардык мэриясы, Ысык-Көл райондук регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы жана Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти менен биргеликте бардык мыйзамсыз курулуштарды түрттүрүп, тазалоодо", - деп айтылат маалыматта.