Бишкек, 27.10.25. /Кабар/. Кыргызстандын аймагынан тышкары жашаган жана жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу максатында чет өлкөлөрдө добуш берүүнү уюштуруу үчүн дагы 20 шайлоо тилкеси түзүлдү. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан билдиришти.
Ага ылайык, шайлоо тилкелери төмөнкү өлкөлөрдө жана шаарларда ачылды:
- Россияда 14 тилке: Балашиха, Видное, Красногорск, Лобня, Улан-Удэ, Петропавловск-Камчатский, Благовещенск, Самара, Тула, Красноярск (кошумча участок), Новосибирск (кошумча участок), Томск, Мурманск жана Набережные Челны шаарларында;
- Казакстанда 2 тилке: Атырау жана Караганда шаарларында;
- Мындан тышкары, Тэджон (Корея Республикасы), Неаполь (Италия), Медина (Сауд Аравиясы) жана Каир (Египет) шаарларында бирден шайлоо участогу ачылды.
Муну менен чет өлкөлөрдө түзүлгөн шайлоо тилкелеринин жалпы саны 91ге жетти.
Эске салсак, 18-октябрда БШК чет өлкөлөрдө 71 шайлоо тилкесин түзүү боюнча токтом кабыл алган.