Борбордун жолдорундагы деформацияланган жерлердин баары оңдолот

Коом 11 сентябрь 2025 11:00
WhatsApp Image 2025-09-11 at 10.57.06.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-11 at 10.57.05 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-11 at 10.57.05.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-11 at 10.57.04 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-11 at 10.57.04.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-11 at 10.57.03 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-11 at 10.57.03.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 11.09.25 /Кабар/. Борбордун жолдорундагы деформацияланган жерлердин баары оңдолот.

Мэриядан билдиришкендей, Бишкек шаарындагы жолдордо пайда болгон деформациялар жана тегиз эместиктер этап-этабы менен жоюлууда. Бул иштерди «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы карталык оңдоо ыкмасы менен жүргүзүп жатат.

Азыркы тапта И.Ахунбаев жана Муромская көчөлөрүнүн кесилишинде асфальт төшөөгө даярдык иштери жүрүп жатат. Ушундай эле иштер Сухэ-Батор көчөсү – 7-апрель көчөсү, А.Токомбаев көчөсү – Байтик Баатыр көчөсү менен кесилишкен жери, А.Масалиев көчөсү – Ч. Айтматов проспекти, Калинин көчөсү - Көлбаев көчөсү, У.Салиева көчөсү - Лермонтов көчөсүндө иштер аткарылды.

Муниципалдык ишкана атайын график боюнча иштеп, шаардагы бардык бузулган жол бөлүктөрүн оңдоо иштерин улантууда.