Борбордогу Фрунзе көчөсү жакында ачылат

Коом 15 сентябрь 2025 19:46
ca8807a0-8452-4717-896c-60671ca935d5.jpeg
773d8e10-08ae-4ce9-9ebc-0ddc2fe5d8a0.jpeg
42d64991-57bf-47da-98ff-745a5987c3e6.jpeg
Алдыга
Артка
ca8807a0-8452-4717-896c-60671ca935d5.jpeg
773d8e10-08ae-4ce9-9ebc-0ddc2fe5d8a0.jpeg
42d64991-57bf-47da-98ff-745a5987c3e6.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаардык мэриясы

Бишкек, 15.09.25 /Кабар/. Бишкектин Фрунзе көчөсүндө жылуулук трассаларын жаңылоо иштери аяктап, унаа кыймылы жакынкы аралыкта жарым-жартылай жанданат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, диаметри 700 мм болгон эски түтүктөр диаметри 900 мм жаңысына алмаштырылды. Жер казуу жана реконструкция иштеринен кийин траншея казылган бөлүктөрүнө 7 см калыңдыктагы асфальт төшөлдү.

Эске салсак, Фрунзе көчөсү 2026-жылы толук кеңейтилип, жаңы асфальт-бетон катмары төшөлө турган көчөлөрдүн тизмесине киргизилген.