Борбор калаада “Алтын Казык” жаңы мал базары ачылуу алдында турат. Юбилейная көчөсү менен Түндүк айланма жолдун кесилишинде жайгашкан базар экологиялык жана ветеринардык талаптарга ылайык курулуп, аймагына заманбап касапкана кошо жайгашты. Бул кадам борбор калаанын жашоочуларына ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана шаарды ирээтке келтирүүгө багытталган. Муну менен катар эле Бишкектин калктуу пунктуларындагы тургундарга ыңгайсыздык жаратып келген мал базар жана касапканалар да жаңы комплекске көчүрүлүүдө.
Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев аталган мал базардын курулушу менен таанышып жатып, “Учурда мындай комплекс шаар тургундарына кызмат көрсөтүүдө абдан маанилүү. Борбор калаа мурдагыдан да чоңоюп, калкынын саны 1,5 миллион кишиге жетти. Мындан улам биз мал базарларга жана мал союучу жайларга байланышкан маселени чечип жатабыз. Бул комплекс шаарды сапаттуу эт азыктары менен камсыз кылып, эл аралык санитардык-ветеринардык талаптарга жооп берет. Санитардык нормаларга жооп бербеген базарлар болсо жабылат”,-деп белгилеген.

Маевка айылынын төмөнкү бөлүгүнө жайгашкан мал базардын аймагында сатуучулар жана кардарлар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, заманбап ашкана, 400 орундук ички жана сырткы унаа токтотуучу жай, малдар үчүн өзүнчө короолор, ветеринардык текшерүү зоналары каралган. Ошондой эле базар 1500 бодо малды жана 6000 майда малды кармоого ылайыкталган.
“Алтын Казык” комплексинин директору Алыбек Чыңгышбаевдин айтуусу боюнча, мал базар атайын шаар тургундарынын ыңгайлуулугун эске алуу менен калктуу конуштардан 5 чакырым алыстыкта жайгашты.

“Антисанитария, жагымсыз жыттардын жыттанышы сыяктуу маселелер мындан ары болбойт. Экинчиден, бул жердеги шарттар бардык кардарларга бирдей түзүлдү. Буга чейин жаан-чачын, кар жааган күндөрү жана жөнөкөй күндөрү деле базарга келген адамдар малдын чыласына батып, ыңгайсыздыктарга кабылганы аларды иренжитчү. Мындан улам дагы биз базарды таза жана булганычтуу зона деп экиге бөлдүк. Мал сатуучулар малы менен өзүнчө бөлүктө, ал эми ала турган кардарлар өзүнчө бөлүктө болушат. Аларды асфальтталган таза жерде туруп тандап кете алышат. Андан сырткары, малды сатып алып, заманбап шарты менен салынган касапканадан сойдуруп кете алышат”,-деди ал.

Базардын негизги аянты 8 гектар. Азырынча 4 гектары ишке киргизилди. Директордун айтымында алдыда дагы талапка жараша керектүү обьектилер курулат.
“Эң башкысы — жаңы мал базарда тазалык жана тартип камсыздалат. Экологиялык жана санитардык нормалардын сакталышы үчүн бардык шарттар түзүлдү. Көзөмөл жүргүзүү максатында ветеринардык кызматтын төрт адиси иштейт. Базарга кирерде малдар атайын постто ар кандай ылаңдарга текшерилип, дезинфекциядан өткөрүлгөндөн кийин гана киргизилет. Ал эми эт азыктары сөзсүз түрдө лабораториялык текшерүүдөн өтүп, сапатына өзгөчө көңүл бурулат”,-деп белгиледи ал.

Базардын дагы бир өзгөчөлүгү – майда малдын астын таза кармоого Иран өлкөсүнөн атайын кымбат баадагы жана сапаттуу такталар (поддон) алынып келинген.
“Малдар заңдаган жерин кайра тебелегени үчүн ого бетер сасык жыт чыгат. Бул маселени чечүү максатында кой-эчкилердин астына атайын поддондор төшөлөт. Аны тазалык кызматкерлери улам алып кайра ордуна жайгаштырып, тазалап турушат. Андан сырткары тазалык техникалары да алынды.
Ошондой эле ар бир малдын өзүнүн орду болот. Айрым малдар убактылуу кармоодо болгону үчүн аларга дагы ыңгайлуу шарттар түзүлдү”, - деди Чыңгышбаев.
Анын айтымында шаар тургундары базарга автоунаа менен эле эмес, коомдук транспорт менен келе алгыдай кылып, маршруттук автобустарды дагы киргизүү пландалууда.

“Базар эки режим менен иштейт. Туруктуу сатуучулар орунду ижарага алып туруктуу иштешет. Ошондой эле атайын даярдалган аянтта дем алыш күндөрү келип каалаган жарандар малдарын сатып кете алышат”-деп кошумчалады ал.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарында төмөнкү мал базарлар кызматта болгон:
- Пригород мал базары;
- “Жантай”;
- “Эски толчок”;
- “Расул-Ата” жана ж.б. касапканалар.