Борбор калаанын Москва көчөсүнө асфальт төшөө иштери башталды

Коом Загрузка... 29 Сентябрь 2025 18:07
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 29.09.25 /Кабар/. Бишкек шаарынын Москва көчөсүнө асфальт төшөө иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иштерди "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы жүргүзүп, подряддык уюм катары "Хейл Групп" ЖЧК чыгат.

Жолдун түштүк тарабында асфальт төшөө иштери К. Тыныстанов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки, ошондой эле К. Тыныстанов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки тилкелерде жүрүп жатат.

Башка тилкелерде геодезиялык иштер, бордюрларды орнотуу жана тротуарды куруу үчүн негиз даярдоо иштери улантылууда.

Белгилей кетсек, тротуарларды капиталдык оңдоо иштери түштүк тарабында Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектисине чейин (узундугу: 1800 погон метр), түндүк тарабында Тоголок Молдо көчөсүнөн Манас проспектисине чейин (узундугу: 400 погон метр) жүргүзүлөт.