Бишкек,28.02.25./Кабар/. Бишкек шаарынын 3 конушунда 4-мартта саат 9:00дөн 15:00гө чейин таза суу берүү токтотулат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, өчүрүү аймагы төмөнкү даректерди камтыйт.
- «Энесай» турак жай комплекси;
- «Дордой-1» турак жай комплекси;
- «Дордой-2» турак жай комплекси.
Өчүрүү "Энесай" суу топтомосунда жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу.
“Бишкексууканал” келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.