Борбор калаага жаңы 95 автобус келе жатат - мэрия

Коом Загрузка... 08 Ноябрь 2025 20:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 08.11.25 /Кабар/. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) “Жашыл шаар” долбоорунун алкагында борбор калаага жаңы, экологиялык жактан таза жана заманбап 95 автобус сатып алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, автобустардын бардыгы заводдон чыгып, Бишкекке жол тартты.

Жаңы автобустардын келиши - айлана-чөйрөгө зыянсыз, бишкектиктерге ыңгайлуу, коопсуз жүрүү мүмкүнчүлүгүн берип, энергияны үнөмдөө жана сапаттуу тейлөөнү камсыздайт.

Долбоордун максаты – шаардагы транспорттук инфраструктураны жакшыртуу, зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтуу жана заманбап, туруктуу транспорт системасын түзүү.

Ошондой эле “Бишкек шаардык транспорту” муниципалдык ишканасы автопаркты жаңылоо жана коопсуз, ыңгайлуу, экологиялык таза коомдук транспортту өнүктүрүү максатында “Жашыл шаар” программасын ишке ашырууну улантууда.