Соңку эки жылда Бишкек мэриясы коомдук транспортту жакшыртуу боюнча долбоорлорду ишке ашырып жатат. Учурда жаӊы автобустар сатып алынып, айрым көчөлөргө жаӊы линиялар кошулууда. Бул ирет “Кабар” маалымат агенттиги “Бишкек шаардык транспорттук" муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров менен шаарга алынып келине турган жаңы электробустар жана коомдук транспорттун учурдагы абалы боюнча маек курду.

— Саламатсызбы! Күн мурун калаага эки электробус алып келинди, дагы канча электробус келет?
— Бизге Азия өнүктүрүү банкынын долбоорунун алкагында 50 млн 650 миң доллар бөлүнүп берилген. Анын 25 миллиону кредиттик негизде, ал эми 25 млн 650 миңи гранттык негизде. Аталган долбоордо негизги төрт компонент бар. Анын биринчи компоненти ушул сиз белгилеп өткөн электробустар. Электробустар Кытайдын Anhui Ankai Automobile Company компаниясы менен түзүлгөн келишимдин алкагында алынып келүүдө. Дагы 118 электробус алып келинет, жалпысынан 120 электробус. Алгачкы эки электробус айдоочуларды окутууга жана даярдоого, ошондой эле жаңы транспорттук технологияларды көрсөтүүгө арналган. Учурда келе турган электробустарды кабыл алуу үчүн инфраструктураны даярдоого багытталган реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Реконструкцияга заманбап электр заряддоочу каражаттарды орнотуу жана автобазаны электробустардын эффективдүү иштөөсүнө ылайыкташтыруу камтылган. Май айынын аягында 118 электробустун 50сү, ал эми күз айында калган 68 электробус келет.
Электробустарды киргизүү долбоору Бишкек шаарынын экологиялык жактан таза коомдук транспортун өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат жана жүргүнчүлөрдү ташуунун сапатын жогорулатууга багытталган.

— Учурда бизде автобустар жетиштүүбү?
— Бүгүнкү күндө “Бишкек шаардык транспорттук ишканасынын” балансында 1 миң 407 автобус бар. Жалпысынан 59 каттамды тейлеп жатабыз. Административдик-аймактык реформанын негизинде шаарга кошулган аймактар бар эмеспи. Бул аймактардын көчөлөрүнө 10-12 метрлик автобустар батпагындыгына байланыштуу, учурда бизге дагы 500дөн ашуун 6-7 метрлик автобустар керек болуп жатат.

— Автобустардын ортосундагы аралык канча убакытты түзөт?
—Автобустун каттоо интервалы анын чийме схемасына жараша болот. Жалпысынан алганда автобустардын ортосундагы аралык жолдун узундугуна жараша 5 мүнөттөн 10 мүнөткө чейин коюлган. Бирок, эрте менен кечинде жол тыгыны жаралып жатпайбы. Ошол жол тыгынына байланыштуу автобустардын интервалынын мөөнөтү узарып кетип жатат. Жөнөкөй унаалар туруп калганда, коомдук транспорт дагы туруп калат. Буга байланыштуу автобустар белгиленген жерге 30-40 мүнөт кечигип барып калууда. Ошентсе да айдоочулар интервалдын мөнөтүн сактоого аракет жасап жатышат.

—Коомдук транспорттогу жол кире акысын төлөө көйгөйү толук чечилдиби?
—2024-жылдын январь айында шаардык кеңештин токтомуна ылайык, накталай төлөм 20 сом, ал эми накталай эмес төлөм 17 сом болуп бекитилген. Накталай төлөм боюнча көптөгөн жумуштар аткарылды. Анын натыйжасында бүгүнкү күндө накталай эмес төлөм 70 пайызды, ал эми накталай төлөм 30 пайызды түзүп жатат. Мунун үстүндө дагы иштеп жатабыз. Бул менен эле чектелбейбиз. Буюрса, накталай эмес төлөм 100 пайызга жеткирилет.

— Коомдук транспортту тартипке келтирүүдө алдыда дагы кандай пландар бар?
— Үстүбүздөгү жылга карата жакшы долбоорлор каралган. Биринчи кезекте эле айдоочуларды 100 пайыз эпикировка менен камсыздоо. Бүгүнкү күндө 3 миң айдоочу кызмат өтөөдө. Булардын баарына быйыл кепка, галстук, шым, көйнөк алып беребиз. Мындан сырткары, дагы кандай жабдыктар керек болуп жаткан болсо, ошонун баары менен камсыздалышат.

— Алдыда аптаптуу ысык күндөр келе жатат, өткөн жылы жүргүнчүлөргө коомдук транспортто жүрүү бир топ эле көйгөй жаратты эле, быйыл кандай болот?
— Ооба, туура айтасыз. Былтыр алынып келген автобустарда кондиционерлер каралбаптыр. Бул көйгөйдү биз эске алуу менен кийинки автобустарды жана электробустарды кондиционери менен алып келип жатабыз.