Борбор калаага бир күндө 600-700 миңдей унаа кирип-чыгууда

Коом Загрузка... 25 Сентябрь 2025 18:24
WhatsApp Image 2025-09-25 at 17.37.16.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.09.25. /Кабар/. Борбор калаага бир күндө 600-700 миңдей унаа кирип-чыгууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Абдыжапаркул Жанболотов билдирди.

Ал белгилегендей, шаардын калкынын санына жараша унаалардын саны да кескин түрдө өстү.

“Шаарга тургундардан тышкары Чүй облусунун район-шаарларынан да жарандар жумуштарына келишет. Ошол эле маалда студенттердин арасында унааларды ижарага алып айдагандар да бар. Бир күндө шаарга 600-700 миңдей унаа кирип-чыгып жатат. Шаар мынча сандагы транспортту батырууга ылайыкталган эмес.

Унаа тыгындарын азыр жол салуу иштерине байланыштырып жатышат. Ооба, жол оңдогондо кыймыл үчүн көчө жабылат. Талаптарга ылайык, жолду эрте жазда же кышында сала албайбыз. Жай мезгилинде бир топ көчөнү оңдоп бүтүрүп алдык", - деди Абдыжапаркул Жанболотов.