Бишкекте жана айрым аймактарда электр жарыгы үзгүлтүккө учурады

Коом 17 июль 2026 14:30
Бишкекте жана айрым аймактарда электр жарыгы үзгүлтүккө учурады

Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. Бишкек шаарында жана өлкөнүн айрым аймактарында электр энергиясы жапырт өчтү. Бул тууралуу социалдык тармактарда жарыктын массалык түрдө өчкөнүн билдиришүүдө.

Андан сырткары, электр энергиясы өлкөнүн айрым аймактарында дагы үзгүлтүккө учураганы айтылууда.

Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан электр энергиясынын өчүү себептери такталып жатат.

Энергетика министрлиги “Кабар” агенттигине жакынкы мүнөттөрдө кошумча маалымат берүүнү убадалады.