Борбор калаада теннис менен жыл бою машыгууга шарт түзүлөт

Коом 145 20 Август 2026 17:15
1787214525.jpeg
1787214529.jpeg
1787214539.jpeg
1787214520.jpeg
1787214511.jpeg
Алдыга
Артка
1787214525.jpeg
1787214529.jpeg
1787214539.jpeg
1787214520.jpeg
1787214511.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 20.08.26. /Кабар/. Бишкек шаарында "Жабык теннис комплексин реконструкциялоо жана жеңил конструкцияларды куруу" долбоору боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө келишимге кол коюлду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, долбоор Бишкек шаарынын 4-кичи районундагы 14/2 дарегинде ишке ашырылат.

Долбоордун алкагында иштеп жаткан жабык теннис комплексин реконструкциялоо жана жеңил конструкцияларды куруу каралган. Бул иштер заманбап спорттук инфраструктураны түзүүгө, теннис менен жыл бою машыгууга жана спорттук сабактарды үзгүлтүксүз өткөрүүгө шарт түзөт.

Долбоорду ишке ашыруунун негизги максаты — чоң теннис менен машыгуу үчүн шарттарды жакшыртуу, массалык жана профессионалдык спортту өнүктүрүү, ошондой эле борбор калаанын спорттук инфраструктурасын жаңылоо. Бул өз кезегинде Бишкек шаарынын спорттук борбор катары имиджин жогорулатууга өбөлгө түзөт.