Борбор калаада таштанды челектери тазаланууда

Коом Загрузка... 07 Апрель 2026 12:35
WhatsApp Image 2026-04-07 at 09.18.12.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 07.04.26. /Кабар/. Бишкекте “Тазалык” муниципалдык ишканасы таштанды челектери жайгашкан аянтчаларды жууп-тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Анда белгиленгендей, учурда шаар аймагында 150дөн ашык аянтча тазаланды.

  • Биринчи май району – 48 аянтча;
  • Свердлов району – 42 аянтча;
  • Ленин району – 66 аянтча;
  • Октябрь району – 49 аянтча.