Борбор калаада сугат системалары жаңыртылууда

Коом 18 апрель 2025 13:31
1744953274.jpeg
1744953283.jpeg
1744953263.jpeg
1744953270.jpeg
1744953267.jpeg
Алдыга
Артка
1744953274.jpeg
1744953283.jpeg
1744953263.jpeg
1744953270.jpeg
1744953267.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 18.04.2025 /Кабар/. "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы борбор калаанын райондорунда сугат системаларын орнотуу жана калыбына келтирүү иштерин улантууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иштер шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана сугат иштерин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында аткарылууда.

"Ишкананын кызматкерлери жашыл зоналарга суу жеткире турган арык жана лотокторду орнотуп жатышат. Бул системалар газон, бак-дарактар жана гүлзарларды натыйжалуу сугаруу үчүн маанилүү бөлүк болуп эсептелет", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, жумуштар парктарда, магистралдык жолдордо жана коомдук жайларда жүргүзүлүүдө. Ирригациялык каналдар жер кыртышынын түзүлүшүн жана буга чейин орнотулган инженердик коммуникацияларды эске алуу менен төшөлүүдө. Бул суу керектүү жерлерге жетүүсүн камсыздайт.

Мэриядан кошумчалашкандай, учурда иштер жүрүп жаткан бардык каналдар жана лотоктор 2024-жылдын күз айларында алдын ала тазаланып, быйылкы жазда кайрадан тазалоодон өткөрүлгөн.