“Слово Кыргызстана” гезитинин 100 жылдык мааракеси белгиленүүдө

Коом Загрузка... 07 Ноябрь 2025 15:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.11.25 /Кабар/. Бүгүн Бишкекте “Слово Кыргызстана” гезитинин 100 жылдык мааракеси белгиленип жатат.

Салтанаттуу иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, Журналисттер союзунун төрагасынын орун басары Курманбек Раматов, “Слово Кыргызстана” басма үйүнүн башкы редактору Елена Жолобова жана атайын чакырылган коноктор катышууда.

Иш-чаранын башында гезиттин тарыхына арналган даректүү видеотасма көрсөтүлдү.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев куттуктоо сөзүндө “Слово Кыргызстана” гезити бир кылым бою элине ак ниет кызмат өтөп келе жатканын белгилеп, басылманын маанилүүлүгүнө токтолду.

“Бул жөн гана басылма эмес, мамлекеттик ой-пикирди, кыргыз элинин тарыхый этаптарын жана өлкөбүздүн, коомубуздун өзгөрүүлөрүн чагылдырган маанилүү символдордун бири болуп эсептелет”, – деди.