Борбор калаада көпүрө өтмөктөрүн тазалоо иштери жүрүүдө

Коом 11 Март 2025 16:30
483668902_1075836047925582_576666246173076568_n.jpg
482347212_1075836111258909_4707243093553028961_n.jpg
482347624_1075836101258910_5668847548796524675_n.jpg
482245645_1075836044592249_8466096758341586397_n.jpg
Алдыга
Артка
483668902_1075836047925582_576666246173076568_n.jpg
482347212_1075836111258909_4707243093553028961_n.jpg
482347624_1075836101258910_5668847548796524675_n.jpg
482245645_1075836044592249_8466096758341586397_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 11.03.25. /Кабар/. Бишкек шаарында “Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасы көпүрө өтмөктөрүн тазалоо иштерин улантууда.

Мэриядан билдиришкендей, иш атайын насос жабдууларды колдонуу менен жүзөгө ашырылат. Жумушчулар арыктарды таштандылардан, анын ичинде тыгылып калган бөтөлкөлөрдөн жана башка таштандылардан тазалоодо.

Белгилей кетсек, учурда Абдрахманов, Гоголь, Чортеков, Темирязов, Алыкулов, Ауэзов жана Анкара көчөлөрүндө, Кара-Жыгач, Көк-Жар кичи райондорунда иштер жүрүп жатат.

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаада тазалыкты жана тартипти сактоо үчүн бардык аракеттерди көрүүдө.

"Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору! Биз сиздерден таштандыларды белгиленбеген жерлерге ыргытпоону суранабыз. Арыктарга таштандыларды таштоо тыгындарга жана суу ташкынына алып келип, шаар тургундары үчүн ыңгайсыздык жаратат. Шаардын тазалыгы жана коопсуздугу үчүн сиздердин жардамыңыздар жана салымдарыңыздар абдан маанилүү",-деп айтылат маалыматта.