Аламүдүн дарыясынын нугу тазаланып, Ала-Арча дарыясын тазалоо иштери башталды

Коом Загрузка... 11 Март 2025 18:12
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 11.03.25. /Кабар/. Аламүдүн дарыясынын нугун тазалоо иштери аяктап, Ала-Арча дарыясын тазалоо иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-мартта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ала-Арча дарыясынын нугун тазалоо иштери менен таанышып, тазалоо иштерин 20-мартка чейин бүтүрүү милдетин койду.

Учурда аталган дарыянын 1400 метри тазаланды. Тазалоо иштерине жаңы атайын техника, анын ичинде 5 экскаватор жана 9 HOWO самосвалы тартылган.

Белгилей кетсек, тазалоо иш-чараларын «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы жана башка шаардык кызматтар ӨКМ менен биргеликте жүргүзүүдө.