Бишкек, 17.08.26. /Кабар/. Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин Салттуу кол өнөрчүлүк борбору "Деталдан шыктануу" аталышындагы жайкы программанын алкагында кийизди нымдап басуу боюнча бир катар практикалык мастер-класстарды өткөрөт.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, мастер-класстын жүрүшүндө катышуучулар кыргыздын салттуу ала кийиз өнөрү менен таанышып, Жумабай Үмөтов жана Токтогул Касымовдун ала кийиздеринин бирин үлгү катары тандап, анын негизинде оммаж жасоо ыкмасын үйрөнүшөт.
Мастер-классты кол өнөрчүлүк боюнча адис Мунара Абдукахарова өткөрөт.
Катышуучулар кийизди нымдап басуунун негизги ыкмаларын өздөштүрүп, салттуу кол өнөрчүлүктүн өзгөчөлүктөрү менен жакындан тааныша алышат.
Мастер-класс 20 жана 27-августта саат 13:00дө өтөт.Катышуу үчүн алдын ала Direct аркылуу тандалган күнгө жазылуу талап кылынат.
Кирүү акысы — 600 сом. Билетти музейдин кассасынан алууга болот.
Дареги: Бишкек шаары, Жусуп Абдрахманов көчөсү, 196, 1-кабат.