Борбор калаада III Бишкек эл аралык кинофестивалы башталды

Маданият Жүктөлүүдө... 11 Июнь 2025 20:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 11.06.25 /Кабар/. Бүгүн, 11-июнда Борбор калаада III Бишкек эл аралык кинофестивалынын расмий ачылыш аземи өтүүдө.

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан салтанаттуу иш-чаранын алкагында кыргыз кино жана театр жылдыздары, жалпы эле өлкөнүн киноиндустриясына салым кошкон адамдар, ошондой эле чет элдик кинорежиссер, продюссерлер, актерлер, кино компаниялардын өкүлдөрү “асман жолдон” (кызыл килем) басып өтүшүүдө.

Бүгүн ачылган кинофестиваль 15-июнга чейин уланып, Борбор Азия сынактарынын алкагында чет элдик режиссерлордун кино тасмалары көргөзүлүп, форумдар, атайын көрсөтүүлөр, мастер-класстар өткөрүлөт.