Борбор калаада электр энергиясын калыбына келтирүү иштери улантылууда

Коом Загрузка... 18 Июнь 2025 14:31
6389d2a08f2fdf1be0a.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек 18.06.25 /Кабар/. Борбор калаада электр энергиясын калыбына келтирүү иштери улантылууда. Бишкек электр тармактар мекемесинин басма сөз кызматынан «Кабар» агенттигине билдиришкендей, учурда энергетиктер иш алып барышууда.

Азырынча электр энергиясынын өчүшүнө эмне себеп болгону так айтыла элек.

Эске салсак, бүгүн, 18-июнда Бишкек шаарынын ар кайсы райондорунда электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, турак үйлөр, социалдык мекемелер жана административдик имараттар жарыксыз калды.

Социалдык тармактардын колдонуучулары жол чырактары иштебей жатканын, соода борборлорундагы үзгүлтүктөр, суу электр насостору менен берилген айрым райондордогу кыйынчылыктар тууралуу билдирүүлөрдү жазышты.