Бишкекте билим берүү мекемелеринин ишине мониторинг жүргүзүлүүдө

Коом Загрузка... 06 Ноябрь 2025 11:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 06.11.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева жалпы билим берүү уюмдарынын ишин текшерүү максатында бир катар социалдык объектилерди, анын ичинде №4 бала бакча жана №34 атайын мектепти карады.

Мэриядан билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө имараттар, анын ичинде санитардык-гигиеналык түйүндөр жана окуу кабинеттер каралып чыкты.

Иш-чаранын жыйынтыгында, мэрдин орун басары №34 атайын мектепте санитардык нормалардын жана коопсуздук талаптарынын сакталышын өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды.

Белгилей кетсек, буга чейин №4 бала бакчада санитардык түйүндөр толугу менен жаңыртылып, электр зымдарына капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн.

"Бишкек мэриясы билим берүү мекемелериндеги оңдоо жана калыбына келтирүү иштеринин сапатын көзөмөлдөөнү туруктуу улантууда. Өзгөчө коопсуздук маселелерине жана балдар менен педагогдор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө басым жасалууда",-деп айтылат маалыматта.