Борбор калаада Аскер шаарчасы -1 көчөсүн оңдоо иштери уланууда

Коом 2 сентябрь 2025 15:50
WhatsApp Image 2025-09-02 at 15.40.51 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-02 at 15.40.51.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-02 at 15.40.50.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-09-02 at 15.40.51 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-02 at 15.40.51.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-02 at 15.40.50.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 02.09.25. /Кабар/. Бишкектеги Аскер шаарчасы -1 көчөсүн капиталдык оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Муниципалитеттин маалыматында белгиленгендей, 2025-жылдын титулдук тизмесине ылайык, Аскер шаарчасы-1 жолунун узундугу 1,3 чакырымга жетет.

Иштер "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын подряддык уюму тарабынан жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө бордюрларды жана ирригациялык системаны орнотуу иштери аяктады. Учурда тротуардын негизи даярдалууда, жакынкы күндөрү асфальт төшөлөт. Андан соң жолдун негизин даярдоо иштери башталат.

Эске салсак, Аскер шаарчасы-1 Волков жана Садыгалиев көчөлөрү жакта жайгашкан.