Борбор каалада ысык суу 1-июндан тарта берилет

Коом Загрузка... 29 Май 2025 17:51
473971970.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 29.05.25 /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясы тургундардын үйлөрүнө ысык суу берүү мөөнөтүн жарыялады.

Муниципалитеттин маалыматы боюнча, системаны толтуруу 31-майда, ал эми жылуулук тармактарына ысык суу берүү 2025-жылдын 1-июнунда башталат.

Жылуулук электр борборундагы учурдагы абал:

  • Кадимки режимде 2 казан агрегаты жана 2 турбоагрегат иштеп жатат;
  • 12 от казан агрегаты жана 2 турбогенератор оңдоодон өтүп жатат;
  • Орточо өндүрүлгөн кубаттуулук 51 МВт.

26-майга карата Бишкек Жылуулук электр борборунун кампасында 262,16 миң тонна көмүр сакталып, жай мезгилинде станциянын туруктуу иштешин камсыз кылууда.