Борбор Азиянын дрифт-айдоочулары Бишкекте жолукту - сүрөт

Спорт Загрузка... 23 Октябрь 2025 15:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 23.10.25 /Кабар/. Бишкекте 19-октябрда дрифт боюнча Kyrgyz Drift Cup 2025 чемпионатынын финалдык этабы болуп өттү, анда мыкты 32 жуптук жарыш көрсөтүлдү.

Мелдештен кийин Кыргызстандын жеке жана командалык эсептеги чемпиондору аныкталды.

Финалдык жарыштарга Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын мыкты айдоочулары катышып, жогорку деңгээлдеги чеберчиликти жана атаандаштыкты көрсөтүштү.

Кыргызстандын дрифт боюнча кубогу Kyrgyz Drift Cup`тын негиздөөчүсү, дрифт-айдоочу Владимир Комиссаров тарабынан Кыргызстандын автомобилдик жана мотоциклдик спорт федерациясынын расмий колдоосу менен уюштурулду.

Кыргызстандын дрифт боюнча чемпионатынын үчүнчү этабынын жыйынтыктары:

1-орун - Сергей Овсянников (Казакстан)

2-орун - Валерий Берестов (Казакстан)

3-орун - Сен Ман Ли (Өзбекстан)

2025-жылдагы мелдештин жыйынтыкты:

1-орун — Илья Чернов (Кыргызстан)

2-орун — Игорь Прядеин (Кыргызстан)

3-орун — Вильгельм Шиль (Кыргызстан).