Бишкек, 15.12.25. /Кабар/. Борбор Азиядагы тынчтык жолу менен өсүп, өнүгүп жаткан процесстердин баары дүйнөлүк коомчулукту абдан кызыктырып жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон иш сапарынын жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, азыр көп мамлекеттер Борбор Азияга кызыгууда.
"Негизинен Борбор Азия аймагында мамлекеттердин ортосундагы чек ара маселеси чечилгенден кийин тынчтык зонасы болуп эсептелип жатат. Ошондуктан Борбор Азиядагы өнүгүп жаткан, тынчтык жолу менен өсүп жаткан процесстердин баары дүйнөлүк коомчулукту абдан кызыктырууда.
Азыр көрүп турганыбыздай, Камбоджа менен Таиланд согушуп жатат. Индия менен Пакистан сыяктуу конфликттер көп болуп жатат. Ошолордун арасынан тынчтык жолу менен бардык маселелерди чечкен Борбордук Азия мамлекеттери болуп жатат. Тынчтык болгондон кийин экономикада өсүш болуш керек. Кандай кылганы менен дагы чоң Кытай менен Европаны байланыштарган Борбордук Азия. Биринчиден, мамлекеттердин ортосундагы транзиттик жол, коридорлордун өсүшү, экинчиден, коридорлорго байланышкан көптөгөн логистикалык борборлордун чыгарылышы. Андан тышкары, Борбор Азия батыш менен чыгыштын ортосундагы көпүрө болуп бере алабы, ушул тууралуу көптөгөн ойлор эл аралык форумда айтылды”,- деди Кулубаев.
Белгилей кетсек, Борбор Азия аймагында тынчтыкты жана ишенимди бекемдөөгө, коңшулаштык мамилелерди өнүктүрүүгө, аймактагы стабилдүүлүктүн сакталуусуна Кыргызстандын салымы чоң. Борбордук Азия өлкөлөрү батыш менен чыгыштын ортосунда көпүрө болуп, транспорттук – логистикалык түйүнгө айланмакчы.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров 11-12-декабрь күндөрү Түркмөнстанга иш сапары менен барган.