Бишкек, 20.10.25. /Кабар/. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков “Кабар” агенттигине Борбор Азиядагы хабдын курулушунун долбоорун ишке ашыруу мөөнөтү тууралуу айтып берди.
Ал белгилегендей, бул бир эле долбоор эмес. Бул өлкө боюнча логистикалык борборлордун бүтүндөй тармагы. Анын ичинде Өзбекстан, Казакстан жана Кытай менен чектешкен чек араларда жаңы өткөрүү пункттарын ачуу жана азыркы инфраструктураны кеңейтүү иштери бар. Буга аэропорттордо жана темир жол станцияларында сактоочу жайларды, маркетплейстер үчүн ири логистикалык борборлорду куруу кирет. Мунун баары Кыргызстан аркылуу товар агымын көбөйтүүгө мүмкүндүк берүүчү комплекстүү логистикалык инфраструктураны түзөт. Бул өз кезегинде жаңы жумуш орундарынын пайда болушуна, бюджеттик киреше, салык, бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнө, транзиттин көбөйүшүнө алып келет.
“Албетте, бул чоң иш. Ушул жумада Ош шаарында “Көкчө-Көз” логистикалык борбору ачылды. Анда бажы жана кампа инфраструктурасы, ошондой эле жүктөө жана түшүрүү аймактары жайгашкан. Бул долбоорду 2030-жылга чейин бүтүрүүгө толук мүмкүнчүлүктөр бар деп ойлойм. Биз өлкө жетекчилигинин артыкчылыктуу багыттары боюнча долбоорлорду ишке ашырууга аракет кылып жатабыз”, - деп баса белгиледи фонддун жетекчиси.