Борбор Азиядагы ири курорт. “Ала-Тоо Резорт” Стамбулда тааныштырылды

Коом 10 октябрь 2025 11:44
----------------------_2025-10-07_185447831.png
558893569_122151261446633318_7449463120490608347_n.jpg
561653072_122151261434633318_7505289805518929661_n.jpg
558996460_122151261404633318_6084457839560228151_n.jpg
Алдыга
Артка
----------------------_2025-10-07_185447831.png
558893569_122151261446633318_7449463120490608347_n.jpg
561653072_122151261434633318_7505289805518929661_n.jpg
558996460_122151261404633318_6084457839560228151_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 10.10.25. /Кабар/. Түркиянын борбору Стамбул шаарында Кыргыз-түрк ишкерлеринин көчмө жыйыны өтүп, анын алкагында “Ала-Тоо Резорт” курорту тууралуу кеңири тааныштыруу иш-чарасы уюштурулду.

Ишканадан билдиришкендей, жыйында Кыргызстандагы “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасынын директору Жаркынбек Максутов долбоор тууралуу маалымат берип, бул курорт Борбор Азиядагы ири эс алуу жайы болорун белгиледи. Иш-чарага Кыргызстан менен Түркиянын курулуш тармагындагы алдыңкы компанияларынын өкүлдөрү катышты.

Инвесторлор үч этаптан турган бул ири долбоорго кызыгуусун билдиришти. Өзгөчө, туристтик чоң дараметке ээ болгон тоо лыжа кластерин өнүктүрүүдө эки тараптуу кызматташуунун маанилүүлүгү айтылды.

Жыйында белгиленгендей, 2025-жылдын октябрь айынын ортосунда бир нече түрк компанияларынын өкүлдөрү Кыргызстанга келүүнү пландап жатышат. Алар Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Хан-Теңири айыл аймагына барып, курорт курула турган Жыргалаң аймагын жеринен көрүшмөкчү.

Белгилей кетсек, иш-чараны Кыргызстандагы “Эл аралык куруучулар ассоциациясы” уюштурган. Ага ассоциациянын төрайымы Айнура Сагын, Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, 20га чукул кыргыз курулуш компанияларынын жана 10дон ашык түрк компанияларынын өкүлдөрү катышты.