Борбор Азиядагы эң жогорку өсүш: Казакстандык серепчи Кыргызстандагы өзгөрүүлөрдү тизмектеди

Пикир Загрузка... 28 Январь 2026 17:20
714355fe0b62ecf20cd5abe6121.webp

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Казакстандын Салыштырмалуу саясий изилдөөлөр борборунун директору Айдар Амребаев президент Садыр Жапаров бийликке келгенден тарта Кыргызстанда кандай өзгөрүүлөр болгонун “Кабар” агенттигине тизмектеп, пикири менен бөлүштү.

Айдар Амребаевдин айтымында, Кыргызстанды Садыр Жапаров башкарып баштагандан бери республикада экономикалык өсүштөр байкалууда. ИДПнын реалдуу өсүү темпи 11,1 %ды түздү. Бул көрсөткүч Борбор Азия чөлкөмүндө жогорку көрсөткүч болуп эсептелет.

“Кумтөр кени Садыр Жапаровдун жетекчилигинде улутташтырылды. Мурда андан түшкөн кирешелер жеке жактардын колдоруна өтүп келген болсо, эми каражаттар түздөн-түз мамлекеттин бюджетине түшүп жатат. Экономикалык өсүштөргө жараша айлык акылар көбөйтүлүүдө. Мисалы, социалдык кызматкерлер, дарыгерлер, мугалимдердин маяналары жогорулап жатат. Ошондой эле өлкө таанылгыс болуп өзгөрүүдө. Айрыкча туризм тармагында жылыштар көп. Ишкерлер өлкөдө коррупция азайганын да айтып жатышат. Мындан улам инвесторлор тартылууда. Коррупцияга каршы күрөш президент Садыр Жапаровдун алдыга койгон максаттарынын бири болчу. Ал бул максатына жетти”, - деди ал.

Ошондой эле серепчи Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекеттеринин арасында өз орду бар лидерлердин бири боло алганын, чек ара маселесин чечкиндүү түрдө чечкенин белгиледи.

“Чек ара маселеси бир гана Кыргызстан үчүн гана эмес, Борбор Азия үчүн ойлондурган маселелердин бири болчу. Маселе чечилгенден кийин стабилдүүлүк бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүндө орноп, Кыргызстандын имиджи көтөрүлдү. Ага жараша биздин аймакка инвестициялар келип жатат. Ири державалардын кызыгуусу артууда. Бул жерде Кыргызстандын да кошкон салымы чоң десек болот. Анткени аймакта мурдагыдай чыңалуу жок, бүгүнкү күндө достук, ынак коңшулук мамилер бекемделүүдө. Мында Садыр Жапаров Кыргызстандын саясий эркин көрсөтүп, өлкөнү Борбор Азиядагы цивилизациялуу, тынчтыкты сүйгөн өлкө катары тааныта алды. Казакстан менен Кыргызстан боордош өлкө катары кызматташтыгын чыңдоонун үстүндө гана иш алып барууда”, - деп айтты серепчи.

Мындан тышкары, Айдар Амребаев Кыргызстан географиялык жактан Борбор Азиянын ортосунда жайгашкандыктан, Чыгыш менен Батышты, Түндүк менен Түштүктү жакындаткан транспорттук-логистикалык байланыштарды кеңейтүүгө жол ачып жатканын, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу менен жүктөрдү жеткирүү тездей турганын билдирди.

“Биздин мамлекеттерде бизнес активдүүлүк жогорулап жатат. Мисалы, Садыр Жапаров чет элдик инвестицияларга, анын ичинде казакстандык инвестицияларга эшик ачууда. Ал эки тараптуу же аймактагы кандай гана маселе болбосун, чечкиндүү чечимдерди чыгарып жатат. Жапаровдун президенттик кызматка киришкенден берки 5 жылдык ишин позитивдүү тенденциялар менен мүнөздөсөк болот, ал элдин эркин жана улуттук кызыкчылыктарын чагылдырып турат”, - деп кошумчалады ал.