Борбор Азияда туруктуу өнүгүү шаарларынын коалициясы түзүлдү

Борбор Азия Загрузка... 21 Октябрь 2025 09:40
photo_21.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 21.10.25. /Кабар/ – Душанбе шаарында өткөн шаардык туруктуулук боюнча регионалдык диалогдун алкагында Борбор Азия шаарларынын туруктуу өнүгүү боюнча регионалдык коалициясы (Regional Urban Resilience Coalition) түзүлдү. Бул тууралуу БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) Өзбекстандагы өкүлчүлүгү маалымдады.

Маалыматка караганда, иш-чарага Душанбе, Петропавловск, Ош, Ашхабад жана Наманган шаарларынын жетекчилери катышып, туруктуу өнүгүүнүн заманбап ыкмалары боюнча тажрыйба жана эрежелери менен бөлүшүштү. Диалогдо шаардык инфраструктураны жаңылоо, тобокелдиктерди баалоо, калкты чечим кабыл алууга тартуу жана инклюзивдүү пландоо сыяктуу маселелер талкууланды.

Катышуучулар Япониянын комплекстүү шаар куруу модели жана GIZ уюмунун Борбор Азия шаарларын өнүктүрүүгө багытталган программалары менен таанышышты. ПРООН өзүнүн пилоттук долбоорлорунда колдонулуп жаткан интеграцияланган ыкманы сунуштап, анда климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу принциптери шаардык пландоого камтылганы белгиленди.

Диалог Япония өкмөтү тарабынан каржыланган ПРООНдун “Борбор Азия шаарларынын табигый кырсыктарга жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатуу” долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Долбоор Петропавловск (Казакстан), Ош (Кыргызстан), Душанбе (Тажикстан), Ашхабад (Түркмөнстан) жана Наманган (Өзбекстан) шаарларында ишке ашырылууда.

Адистердин айтымында, Сендай рамкалык программасы менен Париж келишимине негизделген бул демилге Борбор Азия өлкөлөрүнө өнүгүү стратегияларында климаттык жана табигый кырсыктар боюнча тобокелдиктерди эске алууга, ошондой эле жергиликтүү жамааттардын туруктуулугун арттырууга жардам берет.