Бишкек, 31.07.26. /Кабар/. Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду, ошондой эле коңшу өлкө менен түзүлгөн Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду сыяктуу механизмдердин натыйжалуулугуна жалпы эл күбө болууда. Бул институттар аймактык интеграциянын пайдубалын түптөп жатат. Мындай пикирин профессор, академик Чолпонкул Арабаев “Кабар” агенттигине билдирди.
Чолпонкул Арабаев глобалдык өзгөрүүлөр шартында Борбор Азиянын бир тууган элдеринин биримдикте туруусу маанилүү экенин айтты.
“Бүгүнкү күндө дүйнөлүк аренада геосаясий кырдаал өзгөрүп, бир тарабы үстөмдүктү көздөсө, экинчи тарабы кантип сакталып калабыз деп жан айласын таппай жатышат. Глобалдык заман Борбор Азияны, биздин тарыхый өзгөчөлүгүбүздү, улуттук баалуулуктарыбызды жана канчалаган кылымдардан бери бул чөлкөмдү мекендеп чогуу жашап келген бир тууган эл экенибизди кайрадан далилдеп жатат. Мындай шартта Борбор Азияда жашаган мамлекеттер ички жана тышкы саясий багыттарын биргелешип аныктап алуусу зарыл. Кыргыз элинин "Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу" деген макалы бекеринен айтылган эмес. Биз бириккенде гана сырткы чакырыктарга туруштук бере алабыз”, - деди академик.
Ал эми Чолпон-Атадагы Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары менен Азербайжандын президентинин бейформал консультативдик жолугушуусу Кавказдын дымактуу мамлекети менен менен диалогду жаңыртуунун жана кызматташтыкты дагы да тереңдетип, бекемдөө аянты болуп калат.
“Азербайжан — дилибиз, динибиз жана тарыхыбыз бир болгон бир тууган мамлекет. Ал жалпы Борбор Азияга, анын ичинде кыргыз мамлекетине бардык жагынан жакын. Бүгүнкү күндө Азербайжан ылдам ыргакта менен өнүгүп, кубаттуу өлкөлөрдүн катарына кирди. Айрыкча акыркы жылдары өлкө жетекчилигинин туура стратегиясынын натыйжасында Азербайжан менен болгон алакаларыбыз жаңы деңгээлге көтөрүлдү”, - деп улантты Чолпонкул Арабаев.
Профессор кызматташтыктын реалдуу далили катары биргелешкен экономикалык долбоорлорду мисал келтирди.
“Алсак, Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду, ошондой эле коңшу өлкө менен түзүлгөн Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду сыяктуу механизмдердин натыйжалуулугуна жалпы эл өзү күбө болууда. Бул институттар аймактык интеграциянын пайдубалын түптөп жатат, - деп эсептейт Чолпонкул Арабаев.
Академиктин пикиринде Азербайжан эле эмес, дүйнөнүн башка дагы алыскы-жакынкы мамлекеттеринин Борбор Азияга өзгөчө кызыгуусу жөн жерден эмес. Биздин чөлкөмдүн эли өзүнүн үрп-адатын, каада-салтын жана улуттук өзгөчөлүгүн заманбап дүйнөдө бекем сактап кала алды.
“Мурунку мезгилдерде биздин аймак сырткы дүйнөгө жабык болгондуктан, көпчүлүк терең биле берчү эмес. Бүгүн болсо Борбор Азия экологиясы, суу жана башка табигый ресурстары мол, транзиттик потенциялы чоң чөлкөм катары белгилүү. Азыр дүйнө коомчулугу бул уникалдуу жаратылышты жана потенциалды өз көзү менен келип көрүүгө куштар. Бул расмий айтылбаса да, баарыбызга түшүнүктүү го”, -деп жыйынтыктады профессор.
Ал жогорку Чолпон-Атадагы жогорку деңгээлдеги кеңешме эл аралык стандарттарга шайкеш, мыкты уюштурулуп жатканын белгиледи. Кабыл алынган чечимдер биздин эртеңки жаркын келечегибизге түздөн-түз салымын кошот деген ишеничте.