Борбор Азия транспорт коридорлоруна 53 млрд доллар тартат

Борбор Азия Загрузка... 07 Август 2025 10:14
tz29npvwjejk.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 07.08.25. /Кабар/. Борбор Азия аймагында транспорттук байланыштарды чыңдоо максатында жалпы көлөмү 53 млрд долларга жеткен инвестициялар тартылат. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын Ташкенттеги өкүлчүлүгү кабарлады.

Маалыматка ылайык, учурда Евразия транспорт каркагын өнүктүрүүгө багытталган 325 долбоор катталган, алардын басымдуу бөлүгү — 58 пайызы Борбор Азия өлкөлөрүнө туура келет. Ири долбоорлордун катарында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу, Ташкент – Андижан авто жолу, Казакстандагы “Борбор – Батыш” тез жүрүүчү трассасы, ошондой эле Түркмөнстандагы Ашхабад – Түркмөнабат жана Серахс – Мары – Серхетабат жолдору бар.

Жеке сектор бул тармакта маанилүү орун ээлеп, 113 долбоордо анын катышуусу каралган. Ал эми 17 долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде ишке ашууда.