Борбор Азия лидерлери Ташкентте өтө турган саммитке даярдыкты талкуулашты

Борбор Азия 1395 06 Август 2025 11:31
a_05_.jpg
a_05_0.jpg
a_05.jpg
Алдыга
Артка
a_05_.jpg
a_05_0.jpg
a_05.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 06.08.25. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев күн мурун Борбор Азия мамлекет башчыларынын кезектеги саммитине даярдыкка арналган иш-чарага катышты, деп билдирет өлкө башчысынын басма сөз кызматы.

Талкууга Түркмөнстандын улуттук лидери Гурбангулы Бердымухамедов, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Азербайжандын премьер-министри Али Асадов катышты.

Жолугушууда өз ара кызматташууну өнүктүрүү, саясий диалогду тереңдетүү, соода-экономикалык, суу-энергетикалык жана экологиялык маселелерди чечүү жолдору талкууланды.

Өзбек тарап регионалдык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган бир катар жаңы демилгелерди сунуштай турганын билдирди. Ошондой эле Азербайжандын аймактык долбоорлорго активдүү катышуусу өзгөчө белгиленди.

Борбор Азия лидерлеринин кезектеги саммити быйыл Ташкент шаарында өтөт.