Борбор Азия өкүлдөрү Ташкентте Афганистан маселесин талкуулашты

Борбор Азия Загрузка... 27 Август 2025 09:25
WhatsApp Image 2025-08-27 at 09.23.06.jpeg
copyright icon Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 27.08.25. /Кабар/. Өзбекстандын демилгеси менен Ташкент шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн Афганистан маселелери боюнча атайын өкүлдөрүнүн алгачкы жолугушуусу өттү. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын делегациялары катышты. Кыргызстандан өлкөнүн Афганистандагы элчиси Турдакун Сыдыков жетекчилик кылды.

Жолугушууда соода-экономикалык жана гуманитардык байланыштарды жандандыруу, Кабулдагы учурдагы бийлик менен улуттук кызыкчылыктардын негизинде кызматташуу жана коопсуздук жаатында биргелешкен аракеттерди күчөтүү маселелери талкууланды. Ошондой эле атайын өкүлдөрдын деңгээлинде байланыштык топ түзүү чечими колдоого алынды.

Катышуучулар бул аянтча Борбор Азия өлкөлөрүнө Афганистан боюнча өз алдынча күн тартибин иштеп чыгууга жана аймактагы туруктуулук менен өнүгүүгө салым кошууга өбөлгө түзөрүн белгилешти.