Бишкек, 10.06.25. /Кабар/. Өзбекстандын Ташкент облусунда жайгашкан Riverside PV күн электр станциясы Сауд Аравиянын ACWA Power компаниясы тарабынан ишке ашырылып жаткан кайра жаралуучу энергиянын ири долбоору болуп саналат. Бул тууралуу журналисттердин аталган станцияга болгон пресс-турунда белгилүү болду.
Завод Ташкент облусунун Юкоричирчик районунда жайгашкан жана Борбор Азиядагы эң ири күн электр станцияларынын бири болуп саналат.
Riverside PV компаниясынын башкы директору Алимардон Бакировдун айтымында, жалпы инвестициянын көлөмү 550 млн долларды түзгөн. Станциянын курулушуна 800дөн ашык жумушчулар тартылып, алардын 95 пайызын жергиликтүүлөр түзгөн.
"Бул станциянын өзгөчөлүгү экологияга зыяны жок. Биздин станция эки багытта иш алып барат. Биринчиси электр энергиясын өндүрүү, ал эми экинчиси электр энергиясын сактоо системасы. Өндүрүүнүн кубаттуулугу 200 МВт, ал эми энергияны сактоо системасы 500 МВт саатты түзөт.
Долбоор Өзбекстандын Улуттук электр тармагы менен биргеликте 25 жылдык мөөнөткө Build, Own, Operate, Transfer модели боюнча ишке ашырылууда. Станцияда тракердик система бар болгондуктан, ал күн тийген убакта гана эмес, күн кайсы жака жылса ошол тарапка жылып электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Кышкысын албетте жай мезгилине салыштырмалуу азыраак энергия өндүрүлөт. Мына ошол себептен электр энергиясын сактоо сиситемабыз бар. Ал керек эмес учурда энергияны топтоп турат да, керек учурда бере алат",-деди ал.
Ал ошондой эле станция жылына 250 миң тоннадан ашык CO₂ абага бөлүнүп чыгуунун алдын алып, 145 миңге жакын үй чарбаларын электр энергиясы менен камсыздоодо. Долбоор Өзбекстандын 2060-жылга карата көмүртектин нейтралдуулугуна умтулуусун колдойт.
Борбор Азиянын өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан дагы күнөстүү өлкө болгондуктан, жылына жылына 330 күн аба ырайы ачык болот. Андыктан Кыргызстан дагы жашыл экономикага өткөнү каржыылк жактан да, экология боюнча да пайдалуу »,-деп белгиледи ишкананын жетекчиси.
Долбоор күн батареяларын орнотууну гана эмес, станциянын аймагын камтыган олуттуу инфраструктуралык иштерди да камтыйт:
- жалпы узундугу 22 километрден ашык каналдарды жана суу сактагычтарды куруу;
- узундугу 1100 метрден ашык кирпич тосмо жана 7000 метрден ашык еврозабор куруу;
- жалпы аянты 22 100 м² болгон жолдорду асфальттоо;
- подстанцияларды башкаруу жана башкаруу имараттарын куруу;
- жашылдандыруу жана дарбазаларды орнотуу.
Белгилей кетсек, БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриш 2024-жылдын 1-июлунда аталган күн фотоэлектр станциясына барып, Өзбекстан өкмөтүнүн жарандарды арзан, ишенимдүү, туруктуу жана заманбап энергия менен камсыздоо аракетин белгилеген.